Дарыгерлер сууну көп ичүүнүн зыянын айтып беришти

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүРабота завода Coca-Cola в Москве
Работа завода Coca-Cola в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эскерте кетсек, чоң киши бир күндө үч-төрт литр суу ичиши керек.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Дарыгерлер сууну өтө көп ичүү организмге кыйла зыян экенин эскертишти. Бул тууралуу Business Insider басылмасына таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.

Сулуулук сынагынын катушуучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кишини тез арыктаткан 4 ыкма. Окумуштуулардын сунушу
Макалада адамдын бөйрөгү бир саатта болжол менен 800-1000 миллилитр сууну сиңире алары айтылат. Эгер бул көлөм жогорулап кетсе, организмдеги натрийдин балансы бузулуп, кан басымды башкаруу кыйындайт. Бул өз кезегинде мээни жабыркатып, атүгүл адам дүйнө салып кетиши мүмкүн.

Мындан тышкары, доктурлар ири көлөмдөгү суу аны таптакыр ичпей койгондой эле кооптуу экенин, бөйрөгү ооруган адамдар үчүн зыяны эки эсе экенин айтып беришкен.

Эскерте кетсек, чоң киши бир күндө үч-төрт литр суу ичиши керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0