YouTube эми Голливуддун айрым тасмаларын бекер көрсөтөт. Тизме

© REUTERS / Dado Ruvic / IlustrationЛоготип YouTube
Логотип YouTube - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фильм тартууланып жатканда белгилүү бир убакыттан кийин роликтер кайталанып турмакчы.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. YouTube видеохостинги Голливуддун айрым тасмаларын бекер көрсөтө турганын TechCrunch басылмасы кабарлоодо.

Facebook социалдык тармагынын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Facebook 3D форматындагы сүрөт жарыялоого уруксат берди. Көрүнүшү
Кинокартиналар "Фильмдер" бөлүмүнө киргизилген. Анда азырынча 100гө чукул тасма бар, арасынан "Рокки", "Терминатор", "Блондинка в законе", "Агент Коди Бэнкс" сыяктуу кинолорду табууга болот.

Маалыматта тизме жакын арада толукталары, негизинен дүйнөлүк классикага басым жасалары айтылат. Фильм көрүү белгилүү бир убакыттан кийин көрсөтүлчү роликтер менен коштолуп турат.

Видеохостингдин жетекчилиги жаңы бөлүм колдонуучуларга да, жарнама берүүчүлөргө да пайдалуу болот деген ишенимде. Мындай мүмкүнчүлүк менен азырынча АКШ тургундары гана пайдалана алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0