Чикагодо имараттагы лифт кишилери менен 95-кабаттан түшүп кетти

© Sputnik / Алексей Ничукин / Медиабанкка өтүүЛифт. Архив
Лифт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кабинанын ичинде мексикалык эки турист, үч студент жана кош бойлуу аял болгон.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Чикагодогу Жон Хэнкоктун имаратындагы лифт 95-кабаттан кишилери менен кошо ылдый түшүп кетти. Бул тууралуу NBC Chicago телеканалы билдирди.

Ага ылайык, окуя 16-ноябрда болгон. Кырсык болгон учурда лифтинин ичинде алты киши болгон. Алар 95-кабаттан түшүп келе жатып 11-кабатка келгенде лифт тыгылып калган.

​"Дароо өлөт экенбиз деп ойлодум. Ылдый түшүп келе жатканбыз, бир маалда кулап баратканыбызды сездим. Кыйчылдаган жана жарылган үндөр угулду", — деди Мексикадан келген турист Хейме Монтемайор.

Кийин аныкталгандай лифтини кармап турган трос үзүлүп кеткен. Куткаруучулар лифтинин кайда экенин таап жана дубалды тешип кишилерди чыгарууга үч сааттай убакыт коротушкан. Бактыга жараша, алты кишинин бири да жабыркаган эмес.

Жон Хэнкоктун имараты 100 кабаттан турат. Ал АКШдагы эң бийик курулуштардын ичинен 37-орунда.

Жаңылыктар түрмөгү
0