Калифорниядагы өрттүн кесепетинен дайынсыз жоголгондордун саны 1200дөн ашты

© Sputnik / Нил Уотерс / Медиабанкка өтүүЛесные пожары в Калифорнии
Лесные пожары в Калифорнии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бийлик 300 миңден ашык тургунду көчүрүп, президент Дональд Трамп штатта өзгөчө кырдаал жарыялады.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Калифорниянын түндүк тарабынан чыккан өрттүн кесепетинен дайынсыз жоголгондордун саны 1276га, ал эми каза болгондор 76га жетти. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Бьютт округунун шерифи Кори Хониге шилтеме кылып жазып чыкты. 

​"Бүгүнкү күндө дайынсыз жоголгондордун саны 1276га жетти, мындайча айтканда алардын саны дагы 275 адамга өстү. Өткөн түнү беш адамдын сөөгү табылган, ошону менен көз жумгандардын саны 76га чыкты", — деди ал.

​Калифорниянын түндүк тарабында чыккан өрт 8-ноябрда башталып, штаттын тарыхындагы эң кайгылуу окуя катары катталды. Андан сырткары, аталган штаттын түштүгүндө эки ири тилсиз жоо күч алууда. Жаратылыш кырсыгынан улам, 300 миңден ашык тургун көчүрүлүп, президент Дональд Трамп штатта өзгөчө кырдаал жарыялады.

Жаңылыктар түрмөгү
0