Facebook 3D форматындагы сүрөт жарыялоого уруксат берди. Көрүнүшү

© REUTERS / Dado Ruvic / IllustrationFacebook социалдык тармагынын логотиби. Архив
Facebook социалдык тармагынын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы функция учурда Apple компаниясынын телефондорунда гана иштейт.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Facebook социалдык тармагынын иштеп чыгуучулары 3D форматындагы сүрөттөрдү жарыялоого мүмкүнчүлүк берди. Бул тууралуу TechCrunch басылмасы жазды.

Ага ылайык, жаңы опция азырынча Apple компаниясынын телефондорунда гана иштейт.

https://www.facebook.com/Facebook360/videos/1757729227689232/

3D форматындагы сүрөттөрдү тартуу үчүн iPhone телефонунун камерасын күйгүзүп, портрет режимин тандап ачык фонддо аралыгын 90-120 сантиметрдей кылып сүрөткө түшүү керек. Аны Facebook баракчаңызга жарыяларда статустан 3D-сүрөт дегенди тандашыңыз кажет. Андан кийин сүрөттө атайын эффект пайда болуп, сүрөт кыймылдап жаткандай таасир калтырат.

https://twitter.com/makikoh_zozo/status/1062959151880404992?ref_src=twsrc%5Etfw%7Ctwcamp%5Etweetembed%7Ctwterm%5E1062959151880404992&ref_url=https%3A%2F%2Fru.sputnik.kg%2Fworld%2F20181116%2F1042024529%2Ffacebook-funkciya-3d-foto.html

Бул опция башка телефондордо качан пайда болору азырынча белгисиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0