Окумуштуулар: адамдын эрте көз жумарын басканынан билүүгө болот

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүСейилдеп жүргөн жуп. Архив
Сейилдеп жүргөн жуп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгер адам бара-бара жай баса баштаса, демек анын ден соолугунда олуттуу көйгөйлөр бар деп түшүнүү керек.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Жөө адамдын баскан ылдамдыгына карап эрте көз жумуу коркунучу канчалык күч экенин аныктоого болот. Түштүк Калифорния университетинин окумуштууларынын иликтөөсүн MedicalXpress жазды.

Холодильники карап жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар кеч тамактануунун зыян жактарын айтып беришти
Изилдөөнүн жыйынтыгына караганда, адамдын бат басышы анын ден соолугу мыкты экенинен кабар берет. Бул көрсөткүч аркылуу жүрөк кан тамырлары менен нерв системасынын абалына дагы баа берүүгө болот.

Адистердин айтымында, басуунун ылдамдыгы аркылуу болжолдуу биологиялык куракты аныктоого болот. Эгер адам бара-бара жай баса баштаса, демек анын ден соолугунда олуттуу көйгөйлөр бар деп түшүнүү керек. Мындан улам анын мезгилсиз көз жумуу ыктымалдыгы күч дешет илимпоздор.

Жаңылыктар түрмөгү
0