Техастагы ресторан иттерди сылап турчу кызматкер издеп жатат

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүВыставка собак "Господин Великий Новгород - 2014"
Выставка собак Господин Великий Новгород - 2014 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кызматкерге итти караганы үчүн саатына 100 доллар төлөнөт.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. АКШнын Техас шаарындагы Mutts Canine Cantina ресторанынын өкүлдөрү итти сылап карай турган кызматкер издеп жатат. Ресторанга ити менен келген киши жай отуруп тамак ичкенге убактысы болбойт. Андыктан кардардын ыңгайлуулугу үчүн жаңы кызмат орду ачылып жатканын Elite Daily басылмасы жазды.

Бул кызматка орношууну каалагандар итти сылап жаткан видеосун жөнөтүп, өзүнүн башкалардан артыкчылыгын көрсөтүшү керек. Тандалгандар алты жумадан сегиз жумага чейин окуудан өтөт. Татыктуу талапкер аныкталгандан кийин алар жумасына төрт саатка чейин иштей алышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0