Британиялык окумуштуулар өмүрдү 10 жылга узартуунун жолун айтышты

© AP Photo / Markus SchreiberСууга түшүп жаткан кары адам. Архив
Сууга түшүп жаткан кары адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Изилдөөгө 50 жаштан ашкан 660 ыктыярчы катышкан.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Британиялык окумуштуулар өмүрдү 5-10 жылга чейин узартуунун эң таасирдүү ыкмаларын атады. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.

Окумуштуулар Гарвард университетинде август айында жүргүзгөн изилдөөсүндө кишилердин айрым адаты алардын өмүрүн он жылга чейин узартууга жардам берерин аныкташкан. Алардын ичинде уйкуну кандыра уктоо, жакшы сиңе турган азык-түлүктөрдү жеп, ыгы менен спирт ичимдиктерин ичип туруу бар.

Ашканадагы аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түндө жеп жатса арыктата турчу азык табылды. Илимпоздордун иликтөөсү
Изилдөөгө 50 жаштан ашкан 660 ыктыярчы катышкан. Андан сырткары, дайыма жакшы маанайда жүргөн кишилердин да узак жашоо ыктымалдуулугу жогору экени аныкталган. Ошондой эле балалуу болгондор жалгыз бойлорго караганда 2-3 жыл узагыраак жашай турганын белгилешкен.

Окумуштуулар өз аныктамасында таза абада көпкө сейилдөө, пенсияга эрте чыгып албоо, болор-болбос нерсе үчүн ооруканага кайрылбоо жана төшөк кумарына батуу да кишинин өмүрүн узартарын жазышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0