Япониялык кыз америкалык майорду сүйүү азабынан улам өлтүрүп салды

© Sputnik / Александр Имедашвили / Медиабанкка өтүүСовместный центр тренировок и оценок Грузия-НАТО (JTEC)
Совместный центр тренировок и оценок Грузия-НАТО (JTEC) - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин бир топ ызы-чуу чыгарган кызга полиция америкалыктан алыс жүрүүнү эскерткен.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Япониянын полиция кызматы 27 жаштагы кызды америкалык сержант-майорду өлтүрдү деген шек менен кармады. Бул туурасында РИА Новости NHK телекомпаниясына шилтеме кылып берди. 

Каза болгон аскердин АКШнын Ёкота базасында кызмат кылгандыгы маалым болду.

35 жаштагы майордун сөөгүн өзү жашаган батирден табышкан.

"Кыз сүйгөнү мамилени токтотуу туурасында айткандан кийин кылмышка баргандыгын мойнуна алган. Ал майорду өлтүргөндөн кийин өз өмүрү менен да коштошуу ниети болгондугун айтып берди", — деп жазылат маалыматта.

Буга чейин да бир топ ызы-чуу чыгарган кызга полиция америкалыктан алыс жүрүүнү эскерткен.

Медиктер сержант-майордун кансырап өлгөндүгүн айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0