Калифорниядагы өрт 29 адамдын өмүрүн алды, 228 киши дайынсыз. Видео

© REUTERS / Eric ThayerЛесной пожар на севере Калифорнии
Лесной пожар на севере Калифорнии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
6,4 миңден ашуун үй жок болуп, 15 миңинин абалы кооптуу. Токойдо чыккан өрт штаттын тарыхындагы эң ири каргаша болуп калды.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Калифорниядагы токойдо чыккан өрт 29 кишинин өмүрүн алып, дагы 228 адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу KRON4 телеканалына таянуу менен РИА Новости жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, тилсиз жоодон 6,4 миңден ашуун турак үй жок болуп, 15 миңинин абалы кооптуу. 45 миң гектар жерге жайылган өрттүн 25 пайызы чектөөгө алынды. Ушу тапта кеминде 3,5 миңдей тургун баш калкалоочу жайларга жайгаштырылды.

Өрт Калифорниянын түндүк аймагында бейшемби күнү башталып, штаттын тарыхындагы эң ири кырсык болуп калды.

Global News жана KGW News YouTube-каналдары өрт болгон жердин видеолорун жарыялады.

Жаңылыктар түрмөгү
0