Түркия, Таиланд, Түштүк Африка... Туристтер үчүн кооптуу өлкөлөр аталды

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүКөлдө сүзүп жаткан кыз. Архив
Көлдө сүзүп жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер туристтер арасындагы эң популярдуу 20 өлкөнү алып, ал жактардагы кылмыштуулук, теракт коркунучу, жаратылыш кырсыктары жана ден соолук коопсуздугу боюнча иликтешкен.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Туристтер үчүн дүйнөдөгү эң кооптуу жана коопсуз өлкөлөр аталды. Алар кайсылар экенин британиялык Which керектөөчүлөр ассоциациясы аныктаганын РИА Новости жазды.

Адистер туристтер арасындагы эң популярдуу 20 өлкөнү алып, ал жактардагы кылмыштуулук, теракт коркунучу, жаратылыш кырсыктары жана ден соолук коопсуздугу боюнча иликтешкен.

"Саякат үчүн эң жагымдуу өлкө деп Исландия, Бириккен Араб Эмирлиги жана Сингапур табылды", — деп жазылат макалада.

Ал эми коопсуздук жагынан күмөн санаткан мамлекеттердин сап башына Түркия, Таиланд жана Түштүк Африка чыкты. Адистердин айтымында, бул жерлерде кылмышкерлердин кылтагына түшүп же коркунучтуу оору жугузуп алуу тобокелчилиги жогорураак.

Жаңылыктар түрмөгү
0