Афганистандын тынчтык кеңеши "Талибан" менен сүйлөшүүгө даяр

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүСтраны мира. Афганистан
Страны мира. Афганистан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин талибандар өлкөдөн чет элдик аскерлер чыгып кетмейинче бийлик менен сүйлөшпөй турганын айтышкан.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Афганистандын Жогорку тынчтык кеңеши "Талибан" кыймылы менен эч кандай шарттарды койбой эле сүйлөшүүгө даяр. Бул тууралуу аталган кеңештин төрагасы Эсхан Тахеринин сөзүнө таянып, РИА Новости жазды. 

"Буга чейин талибандар өлкөдөн чет элдик аскерлер чыгып кетмейинче бийлик менен сүйлөшпөй турганын айтышкан. Бирок биз эч кандай шарттарды койбой туруп эле алар менен макулдашууга даяр экенибизди билдирдик", — деди Тахери.

Белгилей кетсек, 9-ноябрда Москва шаарында Афган маселеси боюнча 12 мамлекет катышкан жыйын өтүп, ага биринчи жолу "Талибан" кыймылынын саясий кеңсесинен келген делегаттар катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0