Жарык бөлмөдө уктоонун зыяны көп. Адистердин аныктамасы

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүВстреча 50-миллионного пассажира на Московском центральном кольце
Встреча 50-миллионного пассажира на Московском центральном кольце - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар күүгүм кирери менен телевизор, планшет жана телефондон баш тартууну сунуштайт.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Жарык бөлмөдө уктаган адамда жүрөк-кан тамыр жана онкологиялык ооруларга кабылуу тобокелчилиги жогорураак болот. Бул тууралуу россиялык илимпоздорго шилтеме берип РИА Новости жазды. 

Адистердин айтымында, адам баласы караңгы киргенде уктап, жерге жарык түшкөндө ойгонушу керек. Организм ушул тартип менен жашайт.

"Азыр кеч кирсе деле чоң шаарлардын ичи жаркырап турат. Мындай учурда организм караңгы кире элек деп ойлоп, алданып калат дагы уйку келбейт. Өзгөчө жарык бөлмөгө жатканда, биз акылыбыз менен укташыбыз керек деп уйкуга кетебиз. Ал эми организм "азыр жарык" деп ойлоп каршылык көрсөтөт. Мындай учурда жүрөк, мээ сыяктуу өтө маанилүү органдарга күч келет", — деп жазылат макалада.

Ошондой эле адистер күүгүм кирери менен телевизор, планшет жана телефондон баш тартууну сунуштайт. Анткени алар бөлүп чыгарган жарык уйкуну качырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0