Шумдугуң кур! Кытайда виртуалдуу диктор телеге чыкты. Видео

© AFP / JOEL SAGETТелестудия. Архив
Телестудия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Теле берүүлөрдү даярдоо үчүн программага жандуу алып баруучунун видеосун текст менен кошо жүктөө керек. Голограмма адамдын өң-түсүн, кыймыл-аракетин өзүнө сиңирип алат да, жаңылыктар менен тааныштыра берет.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Кытайда дүйнөдө биринчи жолу жасалма интеллект базасында иштеген виртуалдуу теле алып баруучу тартууланды.

Виртуалдуу дикторду "Синьхуа" мамлекеттик маалымат агенттиги кытайлык Sogou интернет-компаниясы менен биргеликте иштеп чыккан.

​Кибер журналист Чжэцзян провинциясынын Учжэнь шаарында өткөн Интернет башкаруу боюнча дүйнөлүк конференциясында коомчулукка тартууланган. Программага мисал катары Кытайдын белгилүү теле алып баруучусу Цю Хаонун образын алышкан.

Иштеп чыгуучулардын айтымында, мындай жасалма интеллект адамды туурап, анын манерасы менен сүйлөп, кол жаңсап, үнүн жана эмоциясын берип, ошол эле учурда жаңылбай сүйлөйт. Виртуалдуу диктор күнү-түнү, дем алышсыз иштей алат. Муну менен редакциянын жаңылык даярдоого короткон чыгымы азая турганын айтышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0