Ашыкча салмактан арылтып, кайра семиртпей турган диета табылды

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүМеждународный кулинарный турнир поваров-юниоров
Международный кулинарный турнир поваров-юниоров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жер ортолук деңиз диетасында жашылча жана жемишти көп жеп, жаңгак, данек, кесек тартылган ундан жасалган нан жана макаронду пайдалануу каралган.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Испаниянын Ровира жана Виргили университетинин окумуштуулары калориясы аз жер ортолук деңиз диетасы ашыкча салмак менен жабыркап, метоболизми бузулган адамдарды арыктатып, жүрөк оорусунун алдын алат деген тыянакка келишти. MedicalXpress басылмасына чыккан иликтөө тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Дүкөндөгү колбаса. Архив - Sputnik Кыргызстан
Диетологдор ден соолукту ала турган эң зыян азыктарды атады
Изилдөөгө 55тен 75 жашка чейинки 600гө чукул бейтап катышкан.

Кадимки арыктатуучу диеталар натыйжалуу деп эсептелгени менен алардын узак мөөнөткө чейин "чыдай алары" илимий негизде далилденген эмес. Ал эми жаңы иликтөө жер ортолук деңиз диетасына өтүп, күнүгө көнүгүү жасаган бейтаптардын 33,7 пайызы бир жылдан соң жалпы салмагынын 5 пайызын жоготконун көрсөттү.

"Негизгиси — бул диетаны кармангандардын салмагы өспөйт, төмөндөөнүн үстүндө болот", — деп айтылат макалада.

Белгилей кетсек, жер ортолук деңиз диетасында жашылча жана жемишти көп жеп, жаңгак, данек, кесек тартылган ундан жасалган нан жана макаронду пайдалануу каралган. Мында негизинен этти азайтып, балык жана деңиз азыктарына өтүү сунушталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0