ЖМК: Тажикстандын абагындагы жаңжалдан 25 адам жана эки офицер каза тапты

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүИсправительные колонии в Киргизии
Исправительные колонии в Киргизии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абактагы адамдардын бири күзөтчүнүн автоматын тартып алгандан кийин башкалары дагы кол салууга өткөнү айтылат.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Кожент (Тажикстан) шаарындагы түрмөдө чыккан жаңжалдын кесепетинен абакта жаткан 25 киши жана эки офицер каза болгонун РИА Новости Согди облусунун күч түзүмдөрүндөгү булакка шилтеме берип жазды. 

Анын айтымында, түрмөнүн кызматкери менен атайын дайындоодогу жоокери каза таап, мекеменин дагы алты кызматкери жаракат алган. 

Основатель секты Аум Синрикё* Сёко Асахара - Sputnik Кыргызстан
Японияда террористтик уюмдун жетекчилери өлүм жазасына тартылды
Буга чейин маалымат берген адам "Ислам мамлекетинин" мүчөсү болуп саналган киши күзөтчүнүн автоматын тартып алганда ага башкалары да кошулуп, кызматкерлерге кол салып, абактын бир корпусун ээлеп алышкан. Согди облусунун ИИББинин кызматкерлери жаңжалды баскан.

Ошондой эле окуя тууралуу айтып берген адам абакта кармалган 25тей адам каза тапканын айтып, Согди облусунун укук коргоо органдары күчөтүлгөн тартипте иштеп, Кожентке келген-кеткендер тыкыр текшерилип жатканын кошумчалаган. 

"Ислам мамлекети" террордук уюмунун ишмердүүлүгүнө Кыргызстанда, Россияда жана башка көптөгөн өлкөлөрдө тыюу салынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0