Калифорния: бардагы атышууда 12 адам каза тапты. Видео

© REUTERS / Ringo ChiuСтрельба в баре в Калифорнии
Стрельба в баре в Калифорнии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эс алуу жайына бейтааныш адам кирип келип отуз ирет ок чыгарган

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Калифорнияда бардын ичиндеги атышуудан 12 адам каза болгонун РИА Новости аймактык полициянын шерифи Джефф Динге шилтеме берип жазды.  

Анын айтымында, каза тапкан полиция кызматкери сержант Рон Хилус аймактык департаментте көп жыл иштеген. Сержантты аткан киши дагы каза тапкан. Азырынча ал өзүн атканы же башка бирөө өлтүргөнү белгисиз. Тапанча кимге таандык экени да белгисиз. 

Ошондой эле каза тапкандардан тышкары 12 адам жаракат алган. Атышуу студенттик кече өтүп жаткан Borderline барында болгон. Кырсык учурунда жүздөн ашык адам бар болчу. Эс алуу жайына бейтааныш адам кирип келип отуз ирет ок чыгарган. Басылмада полиция бул теракт эмес деп баалап жатканы айтылат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0