Путин менен Трамптын кай жерден качан жолугары айтылды

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүВстреча президента РФ Владимира Путина и президента США Дональда Трампа в Хельсинки
Встреча президента РФ Владимира Путина и президента США Дональда Трампа в Хельсинки - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Путин менен Трамп буга чейин 16-июль күнү Финляндиянын борбору Хельсинки шаарында жолуккан.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Россия жана АКШ лидерлери Владимир Путин менен Дональд Трамптын Аргентинада өтө турган G20 саммитинин алкагында жолуга турганы макулдашылды. Бул тууралуу РФ ТИМ башчысына таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.

"Жолугушуу тууралуу сүйлөшүү жүргөн. Москва менен Вашингтон макул болгонун тастыктады. Башка маалыматым жок", — деди Лавров.

Россиянын президенти Владимир Путин жана АКШнын президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Геосаясий атаандаштык жана анын акыбети. Оюндан от чыкпасын...
Эскерте кетсек, "Ири жыйырмалыктын" саммити Аргентинанын борбору Буэнос-Айресте 30-ноябрдан 1-декабрга чейин өтмөкчү.

Путин менен Трамп буга чейин 16-июль күнү Финляндиянын борбору Хельсинки шаарында толук форматта жолуккан. Мамлекет башчылары эки сааттан ашык бетме-бет отуруп сүйлөшүп, кеңейтилген форматта түшкү тамак ичип, андан соң журналисттердин суроолоруна чогуу жооп беришкен.

Эки президент тең мамилени жолго салууга кызыкдар экенин билдиришкени маалым.

Жаңылыктар түрмөгү
0