12:00 19 Жетинин айы 2018
Түз эфир
  • USD69.8400
  • EUR79.2474
  • RUB1.0583
Россиянын президенти Владимир Путин жана АКШ башчысы Дональд Трамп. Архивдик сүрөт

Путин менен Трамптын кай жерден качан жолугары айтылды

© Sputnik / Алексей Никольский
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
177 0 0

Путин менен Трамп буга чейин 16-июль күнү Финляндиянын борбору Хельсинки шаарында жолуккан.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Россия жана АКШ лидерлери Владимир Путин менен Дональд Трамптын Аргентинада өтө турган G20 саммитинин алкагында жолуга турганы макулдашылды. Бул тууралуу РФ ТИМ башчысына таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.

"Жолугушуу тууралуу сүйлөшүү жүргөн. Москва менен Вашингтон макул болгонун тастыктады. Башка маалыматым жок", — деди Лавров.

Эскерте кетсек, "Ири жыйырмалыктын" саммити Аргентинанын борбору Буэнос-Айресте 30-ноябрдан 1-декабрга чейин өтмөкчү.

Путин менен Трамп буга чейин 16-июль күнү Финляндиянын борбору Хельсинки шаарында толук форматта жолуккан. Мамлекет башчылары эки сааттан ашык бетме-бет отуруп сүйлөшүп, кеңейтилген форматта түшкү тамак ичип, андан соң журналисттердин суроолоруна чогуу жооп беришкен.

Эки президент тең мамилени жолго салууга кызыкдар экенин билдиришкени маалым.

Тема боюнча

Меркель Путиндин "сибирь пальтосуна" суктанды
Путин менен Трамптын Парижде жолугуша турган күнү айтылды
Белгилер:
жолугушуу, Сергей Лавров, Дональд Трамп, Владимир Путин, Аргентина
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ