Жигитинин нике шакеги жакпай наалыган кыз элдин талоонунда калды

© AFP / DANIEL LEAL-OLIVASШакек тагынган кыз. Архив
Шакек тагынган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыз шакекти сүйгөн жигитинин тумбочкасынан кокусунан таап алганын жазган.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Нике шакеги көңүлүнө толбой калган кыз Facebook тармагындагы топтордун бирине сүрөт жүктөп, колдонуучулардан жигитине пикир айтуусун сураган. Окуя тескери өңүттө өнүгүп, селкинин өзү социалдык тармакта талоонго калды. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Reddit порталы ал жазган постунун скрин сүрөтүн жарыялаган.

She posted her future engagement ring in a ring-shaming group. from r/Nicegirls

Кыз сүрөттүн астына шакекти сүйгөн жигитинин оокаттарынын арасынан капыстан таап алганын жазган.

"Таң калтырган жок. Бир шылдыңдап алгыла. Ага мындан башкачараак шакек алуу керек деген ойдун четин чыгарып койгулачы", — деп жазган болочоктогу колукту.

Бирок элдин кадамы кыз күткөндөй болбой, сын-пикирлер жигитке эмес, селкинин дарегине жааган.

Мужчина инсценировал аварию, чтобы сделать предложение девушке — видео - Sputnik Кыргызстан
Филиппин: жигит сүйгөн кызынын колун суроо үчүн "жол кырсыгына" кабылды
"Жазганы кишини иренжитти. Мындан сырткары, ал шакек меникине окшош экен. Ого бетер жиним келди", — деп жазган бир колдонуучу.

Дагы бири "Сонун эле болуп турбайбы, ага дагы эмнеси жакпай жатат?" десе, башкасы "Шакек сага арналбай калса экен деп үмүт кылалы" деп мыскылдаган.

Көпчүлүгү кыздын мындай кылыгына, тарбиясыздыгына таң калганын жашырган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0