АКШ конгрессине эки мусулман аял эл өкүлү болуп шайланды

© Sputnik / Игорь Михалев / Медиабанкка өтүүАКШ конгрессинин имараты. Архив
АКШ конгрессинин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алардын бири башынан азаптуу күндөрдү кечирип качкындын турмушун жакшы билсе, экинчиси миранттын кызы болгон.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. АКШ Конгрессине мусулман эки аял Миннесота жана Детройт штаттарынан эл өкүлү болуп шайланды. Бул туурасында РИА Новости кабарлады.

Капаста кармалган, ыйлаган бөбөктөр. АКШдагы мигранттардын балдары тартылган видео - Sputnik Кыргызстан
Капаста кармалган, ыйлаган бөбөктөр. АКШдагы мигранттардын балдары тартылган видео
Миннесотадан шайланган Ильхэн Омар сомали-америкалык саясатчы, буга чейин штаттын округдарында болгон праймеризде жеңип чыккан. Ал Сомалиде жарандык согуш башталганда үй-бүлөсү менен качып чыккан. Америкага келер алдында Кенияда төрт жыл качкындар лагеринде жашаган. Аялдын жашоосунун оош-кыйыштуу болушу Трамптын миграциялык катуу саясатынын жанында беделин көтөрүп, эл арасында улам атактуу кылууда.

Жергиликтүү басылмалардын бири эгерде Омар качкын макамын азыр алгысы келсе, ишке ашпайт эле деп жазган. Себеби Сомали —АКШ иммиграциялык чектөөнү ченебей катуу койгон өлкөлөрдүн бири.

Ал эми Детройттон келген экинчи эл өкүлү Рашид Тлаибдин атаандашы болгон эмес. Анын ата-энеси палестиналык мигранттардан экендиги айтылат. Тлаиб өзүнүн округунда праймеризде лидер болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0