Оюн тып токтоду. Футбол талаасына чуркап чыккан жылаңач аялдын видеосу

© AFP / ODD ANDERSENЧемпионата мира по футболу 2002 года
Чемпионата мира по футболу 2002 года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишемби күнү АФК "Амстердам" менен "Райнсбургсе Бойз" командаларынын беттеши болгон.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Футбол боюнча Нидерланддын чемпионаты өтүп жаткан учурда дырдай жылаңач аял футболчулардын арасына чуркап чыгып, оюнчулар беттешти токтотууга мажбур болушту. Бул туурасында Р-спорт агенттиги жазды.

Ишемби күнү АФК "Амстердам" командасы "Райнсбургсе Бойз" тайпасын 6:2 эсебинде жеңген. AD басылмасы билдиргендей, аял оюн талаасында чуркап баратканда күзөтчүлөрдүн бири да жанына барып токтотууга аракет кылган эмес.

​Жеңилген команданын оюнчуларынын бири Джоэл Тиллема Omroep West Sport порталына интервью берип, ийгиликсиз аяктаган оюнда жылаңач аялдын чыгышы жылмаюуга себеп болгонун айткан. Ошол эле учурда жубайы көрүп калбасын деп бир аз карманганын белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0