АКШдагы шаарлардын биринин мэри Афганистанда курман болду

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүКабул шаары, Афганистан. Архив
Кабул шаары, Афганистан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Офицер-мэрдин артында жети баласы калган.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Америкадагы Норт Огден (штат Юта) шаарынын мэри Брент Тэйлор Кабулда кол салуудан курман болду. Бул туурасында РИА Новости KUTV телеканалына шилтеме кылып жазды.

Тейлор АКШнын Улуттук Гвардиясынын чалгын кызматынын офицери болгон. Маалыматта анын бир жылдык аскердик кызмат өтөө мөөнөтүн Афганистандагы элиталык улуттук батальонго кеңешчи-окутуучулук кылып өтөөгө жөнөтүлгөнү айтылган.

Ситуация в сирийском городе Алеппо - Sputnik Кыргызстан
"Аль-Каиданын" мурдагы мүчөсү согушкерлердин көңүлсүз жашоосу тууралуу айтты
2013-жылдан бери мэрлик кызматты аткарып келе жаткан Тэйлор каза тапканын Норт Огдендин башчысынын милдетин аткарып жаткан Брент Чагг тастыктады.

Офицердин бүлөсүнө көңүл айтуулар социалдык тармакта пайда болгон.

АКШ 2001-жылдан бери Афганистанда террорчулукка каршы күрөш жүргүзүп келет. Буга кийинчерээк НАТОнун буйругу менен коопсуздукту камсыз кылган эл аралык контингент кошулган.

АКШ башында турган коалиция "Талибан" радикалдык кыймылы жана "Аль-Каида" тобу менен күрөшүп келет. Альянс аскердик контингентти 2014-жылы Афганистандан алып чыгып кеткен. Ал эми 2015-жылдын 1-январынан тарта операция "Чечкиндүү колдоо" деп аталган аскердик эмес миссия менен алмашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0