Анжелина Жоли Энистондун дагы бир "күйөөсү" менен мамиле кура баштады

© AP Photo / Matt SaylesАктриса Анджелина Джоли
Актриса Анджелина Джоли - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Журналисттердин жазышынча, Жоли менен Теру Нью-Йорктогу ресторандардын биринде чогуу тамактанышкан.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Голливуд актрисасы Анжелина Жоли Женнифер Энистондун мурдагы күйөөсү Жастин Теру менен мамиле куруп жатканын РЕН ТВ телеканалы Life&Style басылмасына таянуу менен билдирди.

Самые сексуальные девушки по версии Victoria's Secret - Sputnik Кыргызстан
Forbes журналы сериалдарга тартылып көп акча тапкан актрисаларды тизмектеди
Журналисттердин жазышынча, Жоли менен Теру Нью-Йорктогу ресторандардын биринде чогуу тамактанышкан. Башында алар биргелешкен кинодолбоор боюнча кызматташуу тууралуу тез-тезден жолугушкан. Кийин бул жолугушуулар бири-бирине болгон сезимдерин билдирүүгө чейин жеткен. Бирок алардын мамиле куруп жатканы боюнча расмий маалыматтар жок.

Женнифер Энистон менен Теру 2011-жылы мамиле куруп, 2015-2017-жылдары расмий никеде болушкан.

Белгилей кетсек, Жоли буга чейин да Энистондун мурдагы күйөөсү Брэд Питт менен мамиле куруп үйлөнгөн. Кийин жубайлар ажырашып кетишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0