Египет пирамидаларынын курулуш сыры ачылды

© Sputnik / Файед Эль-Гезири / Медиабанкка өтүүГорода мира. Каир
Города мира. Каир - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пандустун табылышы буга чейинки божомолдорго чекит койгон.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Илимий ишмерлер Египеттеги пирамадалардын кантип курулганынын сырын ачты. Бул туурасында "Известия" басылмасы жазды.

Археологиялык казуулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кытайдын археологдору байыркы доорго таандык 90дон ашык күмбөз табышты
Изилдөөчүлөр Луксор шаарындагы карьердин биринен чоң таштарды көтөрүү үчүн колдонууга мүмкүн болгон пандустун изин табышкан. Мындай табылга 4,5 миң жыл мурунку доорго таандык деп бааланууда.

Бийиктикке чыгууга эңкейиш жол салынып тепкичтин эки тарабында көзөнөктөр болгон. Ага жыгач мамыны тургузуп, жипти ороп байлашкан дешет. Ошонун жардамы менен бир канча тонналык блокторду жыгач чанага байлап тартышы мүмкүн деп болжолдонууда.

Окумуштуулар буга чейин байыркы египеттиктер ушул сыяктуу конструкцияны колдонушу ыктымалдыгын айтып келсе, ал эми системанын өзүн биринчи жолу таап жатышат.

Египеттеги пирамидалар — Жер жүзүндө байыркы доордон бери сакталып келе жаткан таш курулушу. Алардын эң эле белгилүүлөрү Каир жана Гиза шаарларынын чет жакасында жайгашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0