Асканын башында сүйгөнүнүн колун сураган жигит кокусунан дүйнө жылдызы болду

© AFP / CESAR MANSOПлотина Узкиза в Испании
Плотина Узкиза в Испании - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки жуманын ичинде түгөйлөрдүн сүрөтүн 20,6 миң адам бөлүшүп, дүйнөлүк ЖМКлар дагы жазып чыккан.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Эки жумадан бери социалдык тармакта изделип жаткан сүрөттүн ээси табылды. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттиги билдирди.

Америкалык фотограф Мэттью Диппел Facebook тармагына сүйүшкөн жаштардын кооз сүрөтүн жарыялаган. Ал мындай кадрды 6-октябрда Түндүк Америкадагы Йосемитский улуттук паркында тартканын жазган. Анда асканын башында турган жигит тизелеп сүйүктүүсүнүн колун сурап жатканын көрүүгө болот. Мындай кооз ирмемди кадрга түшүргөн фотограф сүрөттү ээлерине белек кылууну чечкен. Анан ал жаштарды издеп табуу үчүн соцтармак колдонуучуларынан жардам сураган.

Эки жуманын ичинде ал сүрөттү 20,6 миң адам бөлүшүп, дүйнөлүк ЖМКлар дагы жазып чыккан. Акыры бул кабар түгөйлөргө Instagram аркылуу жетип, сүрөттөгү жигит фотограф менен байланышып окуянын чоо-жайын айтып берген.

Кытайда стюардесса жигити колун учактан сурагандыгы үчүн иштен алынды - Sputnik Кыргызстан
Кытайда стюардесса жигити учактан колун сурагандыгы үчүн иштен алынды
Ал жигит кызынын колун экинчи ирет сураганын билдирген. Биринчи жолу февраль айында турмушка чыгууну сунуштап, бирок ал учурдун романтикалуулугуна көңүлү толбой кайра башынан аракет кылууну чечкен. Мындан улам өзгөчө болсун деп колуктусун сейил бакка чакырып, асканын башынан турмушка чыгуусун сураган. Муну менен ал кокусунан дүйнөгө таанылып каларын билген эмес.

Жубайлар үлпөт тоюн 2019-жылдын апрель айылына белгилеп, даярданып жүрүшөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0