Алым жетпей калды. Америкалык киши семиз мышыгынан баш тартты

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүМышык. Архив
Мышык. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мышыктын салмагы 12 килограммга жетип, нормадан үч эсе көп болгон.

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. АКШнын тургуну 12 килограммдык Пончик аттуу мышыгынан баш тартып, атайын жайга тапшырды.

Анын салмагы нормадан үч эсе көп болгон. Атайын жайдын кызматкерлери мышыктын салмагын көрүп абдан  таң калышкан. Алар мышыктын сүрөтүн Facebook баракчасына чыгарып, аны катуу диетага отургуза алган жаңы кожоюн издеп жатканын жарыялашкан.

Эң семиз мышык тууралуу жергиликтүү ЖМКлар да жазган. 29-октябрда мышыкты жаңы кожоюн алып, Зигги деп ат коюп, салмагын түшүрүүгө киришкен.

Белгилей кетсек, буга чейин интернетке подиумда кыздар менен жарышып баскан мышыктын видеосу тараган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0