Акыркы 40 жылда жапайы жаныбарлар 60 пайызга азайган

© AFP / SIMON MAINAПил. Архив
Пил. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаныбарлар кишилердин аракеттеринен улам жок болуп жатканы докладда айтылат.

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Жер шарындагы жапайы жаныбарлардын саны акыркы 40 жылдын ичинде 60 пайызга азайган. Бул тууралуу Жапайы жаныбарлардын дүйнөлүк фондунун докладында айтылат.

Маалыматка караганда, жаныбарлардын санынын азайышы биринчи кезекте кишилердин аракеттерине байланыштуу.

"Биз токойлорду, океандарды жана дарыяларды өтө начар абалга жеткиргенибизди илим да тастыктап жатат", — деген пикирин WWF international уюмунун башкы директору Марко Ламбертини билдирди.

Докладка ылайык, тропикада жашаган омурткалуу жаныбарлардын саны 89 пайызга кыскарган. Ал эми деңиздердеги кораллдардын жарымы жоголгон.

Мындан сырткары, адам баласы жыл сайын 125 триллион ресурсту пайдаланары белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0