Индонезияда кыйраган учактын жүргүнчүсү өлүм алдында жубайына сүрөтүн жөнөткөн

© REUTERS / Antara Foto / Didik SuhartonoКрушение пассажирского самолета Boeing 737 у берегов Индонезии
Крушение пассажирского самолета Boeing 737 у берегов Индонезии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Индонезиядагы авиакырсыктан 189 адам набыт болгон.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Индонезияда кыйраган Boeing 737 MAX учагынын бир жүргүнчүсү борттун ичинде отурганда селфи жасап келинчегине жөнөткөн. Бул туурасында News.com.au порталы жазып чыкты.

Белгилей кетсек, 29-октябрда Индонезиянын сууларында кырсыкка учураган Boeing 737 учагынан бир да киши тирүү калган эмес. Авиакомпаниянын маалыматы боюнча учакта 181 жүргүнчү, эки учкуч жана экипаждын алты мүчөсү болгон.

"Дерил Фида Фебрианто самолеттун учушун күтүп отурганда жубайы менен интернет аркылуу жазышкан. Ошол учурда ал өзүн сүрөткө тартып, жөнөтүүгө да үлгүргөн. Бул анын эң акыркы каты болуп калды. Анткени учак абага көтөрүлгөндөн 13 мүнөттөн кийин радардан жоголуп кеткен", — деп айтылат маалыматта.

Набыт болгон жигиттин келинчеги журналисттерге жаңылыктардан учактын кыйраганы боюнча угаары менен дароо күйөөсү жөнөткөн билеттин сүрөтүн карап каттамдын номерин салыштырып, ыйлап жибергенин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0