Дарыгер смартфонду кайсы жерлерге коюуга болбой турганын айтты

© AFP / Raul ARBOLEDA Проблема проституции в Колумбии
Проблема проституции в Колумбии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уюлдук аппараттын нурдануусу рак оорусун чакырып, тукумсуздукка алып келиши мүмкүн.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Дарыгер Лилли Фридман Reader`s Digest басылмасына смартфонду кайсы жерлерге коюуга болбой турганын айтып бергенин "Известия" жазды.

Ашканадагы аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түндө жеп жатса арыктата турчу азык табылды. Илимпоздордун иликтөөсү
Адистин айтымында, уюлдук аппаратты шымдын чөнтөгүнө салып жүрүү абдан зыян. Себеби телефондун нурдануусу рак оорусун чакырып, тукумсуздукка алып келиши мүмкүн.

Дарыгер ошондой эле аппаратты кубаттап жатканда жаздыктын астына койбоо керектигин эскертти. Себеби аппарат ысып өрт чыгып кетиши мүмкүн. Мындан сырткары, кечкисин смартфон адамга канчалык жакын болсо уйку бузулары айтылды.

Телефонду жуунуучу жайда жана күнгө калтырып коюу анын иштешин начарлатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0