Меркелдин саясий карьерасы соңуна чыктыбы? Канцлердин билдирүүсү

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүГермания федеративдүү республикасынын канцлери Ангела Меркель. Архив
Германия федеративдүү республикасынын канцлери Ангела Меркель. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Меркель мындай татаал абалга биринчи жолу кептелип жатпагандыгы, ал дайым жолун таап, кыйын абалдан башын бийик көтөрүп чыгып кетерин айтышууда.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Германия федеративдүү республикасынын канцлери Ангела Меркель 2021-жылы талапкерлигин койбой жана Христиандык демократиялык союз (ХДС) партиясынын лидерлигинен да баш тарта турган болду. Бул туурасында ал маалымат жыйынында айтканын РИА Новости жазып чыкты.

Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, бул чечимди ал 2018-жылдын жай айында кабыл алгандыгын кошумчалады.

Ошентип Германияда узакка канцлер болгон саясатчы айымдын доору соңуна чыгып бара жаткандай.

Дүйнө коомчулугунда Меркелдин саясаттан кетерин айткандан кийин бир топ пикирлер айтыла баштады.

Саммит лидеров G7 в Квебеке - Sputnik Кыргызстан
G7 лидерлери саммиттен кийин акыйнек айтышып калганда...
Бул саясатчы 18 жылдан бери Христиандык демократиялык союзун (ХДС) жетектеп келет. Ал 2016-жылы эл добушунун 98 пайызы менен шайланган. 2016-жылы миграция күчүндө турганда 89,5 пайыз добуш алып, бул процесс "эң таза" өттү деп бааланган. Анда партиялаштарынын арасынан атаандаштары болгон эмес. Эксперттер Меркелдин ордуна мелжегендер акырында чыга калышын айтышууда. Азырынча эки кишинин — саламаттык сактоо министри Йенс Шпан менен ХДСтин башкы катчысы Аннегрет Крамп-Карренбауэрдин аты аталууда.

Йенс Шпан былтыр журналист Даниэль Функеге турмушка чыккан. Бул бир жыныстагы кишилер баш кошкон саясаттагылардын өзгөчө никелеринин бири болгон.

Россиянын Мамлекеттик думасынын Эл аралык иштер боюнча комитетинин жетекчиси Леонид Слуцкий анын оставкасын миграциялык кризис жана төмөн рейтинги менен байланыштырды.

"Меркелдин кетем деген билдирүүсү миграциялык кризис, төмөн рейтингине байланыштуу. Ага канцлердин жеке өзүнө акыркы учурларда партиянын линиясы боюнча көп айтылган сын-пикирлер себепкер болуп кетти", — деген Слуцкий.

Анткен менен эксперттер Меркель мындай татаал абалга биринчи жолу кептелип жатпагандыгын, ал дайым жолун таап, кыйын абалдан башын бийик көтөрүп чыгып кетерин эстешти. РИА Новости сурамжылоого алган бир топ эксперттер ал канцлердиктен, партия жетекчилигинен кетип бара жатып, өлкө саясатына өзүнүн таасирин тийгизе кетерин айтышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0