Түндө жеп жатса арыктата турчу азык табылды. Илимпоздордун иликтөөсү

© AFP / FEDERICO PARRAАшканадагы аял. Архив
Ашканадагы аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар эксперименттин катышуучуларына уйкуга 30-60 мүнөт калганда быштак берип көрүшкөн.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Уйку алдында быштак жеп жатуу толуп кетүүнүн алдын алып, азык организмдеги майдын көлөмүн азайтканга көмөктөшөт. Бул туурасында РИА Новости British Journal of Nutrition басылмасына шилтеме берип жазып чыкты.

Кош бойлуу аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Туула элек баланын ден соолугун кантип бекемдесе болот. Окумуштуулардын жообу
Флорида штатындагы университеттин окумуштуулары эксперимент жүргүзгөн. Алар 20 жаштагы катышуучуларга уйкуга 30-60 мүнөт калганда быштак берип көрүшкөн. Натыйжада азык булчуңдардын иштешине оң таасирин тийгизип, зат алмашуу процессин жакшыртып, деги эле ден соолукка таасири оң экени аныкталган.

Окумуштуулар белгилегендей, азыктын мындай жыйынтыгы казеин белогунун болушу менен түшүндүрүлөт. Ал организмге акырындык менен сиңип, аминокислотанын туруктуу берилишин камсыздайт. Ошондой эле организм тамакты сиңирүүдө көп күч жумшап, адам уктап жатканда бир топ калорияны жогото алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0