БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Грузиядагы президенттик шайлоодо талапкерлердин бири дагы добуштардын 50 пайыздан ашыгын ала албагандыктан экинчи тур өтөт. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Грузиянын борбордук шайлоо комиссиясына таянуу менен маалымдады. Учурда добуштардын 98,25 пайызы эсептелди.
Ушул жекшемби күнү Грузияда президенттик шайлоо өттү. Өлкөнүн мыйзамы боюнча президент алты жылга шайланат. Жалпысынан шайлоочулардын 46,74 пайызы гана добуш берген.
Ал эми шайлоо өнөктүгүнө 25 талапкер катышкан. Негизги атаандаш катары ТИМдин мурдагы жетекчиси Саломе Зурабишвили менен экс-президент Михаил Саакашвилинин үзөңгүлөшү Григол Вашадзе саналган.
Грузияда эл президентти акыркы жолу тандап жатат. Эми 2023-жылдан тарта өлкө башчысын 300 делегат гана шайлайт.