Кытайдын окумуштуулары суюк темирден робот жасашты

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүВыставка "Бал Роботов"
Выставка Бал Роботов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алар "Терминатор 2: Кыямат күн" тасмасындагы Т-1000 каарманынын образынан таасир алышкан.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Профессор Сучжоу Ли Сянпенгдин жетекчилиги алдында окумуштуулардын тобу суюк металлдан робот жасашты.

Япониянын окумуштуулары келбети адамга окшош роботторду жасай баштады - Sputnik Кыргызстан
Япониянын окумуштуулары келбети адамга окшош роботторду жасай баштады
Алардын айтымында, алар бул кадамга "Терминатор 2: Кыямат күн" тасмасындагы Т-1000 каарманынын образынан таасир алып барышкан. Окумуштуулар формасын өзгөртө алган робот жасоо канчалык мүмкүн экенине кызыгышкан.

SCMP басылмасынын жазышынча, кытайлык окумуштуулардын жасаган роботу үч бөлүктөн турат — батарейка, желим дөңгөлөк жана галлий элементинин негизиндеги суюк металл.

"Ийкемдүү робот" кишинин колу жетпеген жерлерге оңой кирип кетет. Окумуштуулар алардын ойлоп тапкан эмгеги келечекте адам өмүрүн сактап калууга жардам берет деп ишенишүүдө.

Буга чейин Boston Dynamics компаниясы жасаган роботторунун мүмкүнчүлүгүн элге көрсөткөн болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0