Forbes журналы сериалдарга тартылып көп акча тапкан актрисаларды тизмектеди

© AP Photo / Jordan StraussСамые сексуальные девушки по версии Victoria's Secret
Самые сексуальные девушки по версии Victoria's Secret - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи орунга татыган София Вергара 42,5 миллион доллар тапкан.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Forbes журналы телесериалдарга тартылып көп акча тапкан актрисаларды тизмектеди.

Эсепке 2017-жылдын июнь айынан 2018-жылдын июнь айына чейинки убакыт алынган.

Тизменин сап башын жети жыл катары менен колумбиялык актриса София Вергара ээледи. Ал "Америкалык үй-бүлө" сериалына тартылып, 42,5 миллион доллар тапкан.

Экинчи орунда "Чоң жарылуу теориясына" тартылган Кейли Куоко турат. Ал 24,5 миллион доллар иштеп тапкан.

Америкалык реперлер Jay-Z жана Nas. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жылына эң көп акча тапкан рэпперлердин тизмеси чыкты
Үчүнчү орунду "Кумар анатомиясы" шоусуна тартылган Эллен Помпео ээледи. Ал аталган убакыт аралыгында 23,5 миллион доллар киреше тапкан.

Алдыңкы ондукка "Мыйзам жана тартип: Атайын корпус" сериалындагы Маришка Харгитей, "Америкалык үй-бүлөгө" тартылган Жули Боуэн жана "Чоң жарылуу теориясындагы" Маим Бялик менен Мелисса Ройч кирди.

Forbes журналы буга чейин эң көп акча тапкан актерлордун тизмесин жарыялаган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0