Белгилүү актер Николай Караченцов каза болду

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүБелгилүү актер Николай Караченцов. Архив
Белгилүү актер Николай Караченцов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал 1944-жылы Москвада туулган.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Белгилүү актер Николай Караченцов 74 жашында каза болгонун РИА Новости агенттиги жазды.

Актер 2005-жылы Москвада жол кырсыгына кабылып, башынан жаракат алган. Ошондон бери жакшы боло албай, карьерасын да уланта алган эмес. Былтыр ноябрда жубайы дарыгерлер актердун өпкөсү "рак илдетине чалдыккан" деген диагноз койгонун билдирген. Аны дарылоо процедуралары декабрда башталган.

Россиянын эл артисти Николай Караченцов 1944-жылы 27-октябрда туулган. 1967-жылы Москвадагы көркөм театрдын студия мектебин ийгиликтүү аяктаган. Андан кийин Москвадагы Ленин комсомолу театрында иштеген.

Ал "Юнона жана Авось" рок-операсындагы граф Резоновдун ролун аткарып эл оозуна алынган.

Ал эми 1967-жылдары киного тартыла баштаган. Ал өз өмүрүндө жүздөн ашык тасмада роль жараткан. Алардын арасында "Старший сын" (1975), "Собака на сене" (1977), "Приключения Электроника" (1979), "Дом, который построил Свифт" (1982), "Человек с бульвара Капуцинов" (1987) тасмалары бар.

© Sputnik / Галина Кмит / Медиабанкка өтүүНиколай Караченцов 1989-жылы РСФСРдин эл артисти наамын алган. 1997-жылы Ардак ордени менен сыйланган, 2009-жылы "Ата мекенге өтөгөн кызматы үчүн" наамынын IV деңгээлдеги орденин алган
Актер Николай Петрович Караченцов - Sputnik Кыргызстан
Николай Караченцов 1989-жылы РСФСРдин эл артисти наамын алган. 1997-жылы Ардак ордени менен сыйланган, 2009-жылы "Ата мекенге өтөгөн кызматы үчүн" наамынын IV деңгээлдеги орденин алган

1989-жылы РСФСРдин эл артисти наамын алган. 1997-жылы Ардак ордени менен сыйланган, 2009-жылы "Ата мекенге өтөгөн кызматы үчүн" наамынын IV деңгээлдеги орденин алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0