20:10 22 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.7407
  • EUR77.2797
  • RUB1.1279
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
116201

Washington Post гезитинин баяндамачысы Хашукджи 2-октябрда Стамбул шаарында жайгашкан Сауд Аравия консулдугуна кирип, ошол бойдон чыккан эмес.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Түркияда каза болгон журналист Жамал Хашукжинин сөөгүн ошол эле өлкөдөгү Сауд Аравия элчилигинин аймагынан табышты. Бул тууралуу Түркиядагы Vatan ("Ата Мекен") партиясынын жетекчиси Догу Перинчекке шилтеме берип РИА Новости жазды. 

"Хашукжинин сөөгү элчиликтин аймагындагы кудуктан табылыптыр", — деп Перинчек ишенимдүү булактарга таянып айтты.

Ошол эле учурда Reuters басылмасы Сауд Аравия өкмөтүндөгү ишенимдүү адамдарына шилтеме берип, журналистти кокусунан өлтүрүп алышканын жазды. Макаладагы маалыматка караганда, Сауд Аравиядан келген 15 өкүл журналистти мекенине кайтпаса баңги зат сайып эсин оодарып туруп алып кетишерин айтып коркутушкан. Ошол маалда чуу салып, кыйкырып-өкүрө баштаган журналисттин үнүн басуу үчүн кызматкерлер оозун жаап жатып, өлтүрүп алышканы жазылган.

Эске салсак, Американын Washington Post гезитинде баяндамачы болуп иштеген сауд аравиялык журналист Хашукжи 2-октябрда жоголуп кеткени кабарланган. Ал Сауд Аравиянын Стамбул шаарында жайгашкан консулдугуна кирип, ошол бойдон чыккан эмес.

Ал эми 20-октябрь күнү Сауд Аравиянын Башкы прокуратурасы журналист Хашукжинин өлгөнүн ырастап, анын өлүмүнө Стамбулдагы консулдукта иштегендер менен болгон пикир келишпестиги себеп болгонун билдирген.

Тема боюнча

Сауд Аравиянын Башкы прокуратурасы журналист Хашукджинин өлгөнүн ырастады
Сауд Аравия динге байланыштуу азил-тамаша айткандарды камайт
Үрөй учурган фактылар. Канада журналисттин өлүмү үчүн Сауд Аравияны сынга алды
Белгилер:
кудук, сөөк, Жамал Хашукджи, Сауд Аравиясы

ЭҢ МААНИЛҮҮ