Египетке эс алууга барган туристтин жүрөгү менен бөйрөгү жок сөөгү келди

© Sputnik / Табылды КадырбековИнтервью с патологоанатомом Валентиной Пахман
Интервью с патологоанатомом Валентиной Пахман - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркумдун органдары жоголуп кеткени сөөк Улуу Британияга жеткенде гана билинген.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. 62 жаштагы британиялык турист Египетте эс алып жүргөн жеринен каза болуп, сөөгү мекенине жүрөгү менен бөйрөктөрү жок алып келинди. Бул тууралуу The Sun басылмасы жазды.

Макалада жазылган маалыматка караганда, Дэвид Хамфрис атуу адам мейманканадагы бассейнде неберелери менен сууга түшүп жаткан жерден эсин жоготкон. Аны ошол замат ооруканага жеткирип, бирок дарыгерлер өмүрүн сактап кала алган эмес.

"Ошол эле ооруканадан өлүктү союп көргөндөн кийин Улуу Британияга жөнөтүшкөн. Үй-бүлө мүчөлөрү өлүмдүн себебин жергиликтүү адистер аныктасын деп экинчи жолу экспертизага бергенде, ичинде жүрөгү менен бөйрөктөрү жок болуп чыкты", — деп айтылат макалада.

Учурда маркумдун үй-бүлөсү Египет бийлигинен окуя боюнча түшүндүрмө берүүсүн талап кылып жатат. Бирок египеттик медиктер сөөк жөнөтүлүп жатканда бардык органдар ордунда болчу дешүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0