Жүрөгү ооругандар өмүрүн кантип узартса болот. Кардиологдун аныктамасы

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүОоруканадагы бейтап. Архив
Ооруканадагы бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр оорулары орчундуу илдеттердин сап башында.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Инфаркт, инсульт, жүрөк кемтиги сыяктуу ооруларды баштан өткөргөн адамдарга көбүрөөк кыймылдоо зарыл экенин канадалык окумуштуулар аныктаганын РИА Новости жазды.

"Биздин иликтөөлөргө караганда, жүрөгү ооруган адамдар ар бир 20 мүнөт сайын ордунан туруп, жети мүнөттөй кыймылда болуп турушу зарыл. Анткени кыймылдын аздыгы кан тамырларда холестерин сыяктуу зыяндуу заттардын топтотуп калышына себеп болот. Бул кандын жүгүрүшүнө тоскоол болуп, жүрөк ооруларын козгойт", — деп жазылат макалада.

Ошондуктан адистер өтө активдүү кыймыл болбосо дагы жарым саат сайын үйдө жүргөндө туруп, отуруп же бөлмөдө, кеңседе ары-бери басып коюну сунуштайт.

Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр оорулары орчундуу илдеттердин сап башында. 2017-жылы дарттан каза болгондордун 50дөн ашык пайызы дал ушул жүрөк-кан тамыр ооруларынан жапа чеккен.

Жаңылыктар түрмөгү
0