Жалгыздап саякаттагандар кимдер жана кайсы өлкөгө барууну каалашат? Рейтинг

© Sputnik / Роман Кручинин / Медиабанкка өтүүТоодогу турист. Архив
Тоодогу турист. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ошондой эл бул рейтингге Бали, Япония, Иордания, Танзания, Хорватия, Колумбия, Финляндия жана Түштүк Африка республикасы да кирген.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Жер жүзүндө өз алдынча, жалгыз саякаттаганды каалагандар көбөйдү. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Lonely Planet басылмасына шилтеме кылып жазып чыкты.

Flash Pack рейтингине ылайык, 4000 буюртма анализделген. Жыл башынан бери 30 менен 40 жаштын ортосундагы саякатчылардын көпчүлүгү Шри-Ланкага барууну каалашкан. Аларга белгилүү Сигирия жарына чыгуу, Полоннарувадагы байыркы храмдарда велосипед менен жүрүү жаккан.

Ал эми Перу экинчи орунга чыккан. Ал жакка барган эс алуучуларга түстүү тоолорго чыгуу, Амазонкада парус спорту менен алектенүү эсте калган.

Ошондой эл бул рейтингге Бали, Япония, Иордания, Танзания, Хорватия, Колумбия, Финляндия жана Түштүк Африка респибликасы да кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0