Түркия: мечитке келгендер 37 жыл Каабага капталдап туруп намаз окуп келишкен

© Sputnik / Артем Креминский / Медиабанкка өтүүНочь предопределения Кадыр тун пройдет с 13 на 14 июля
Ночь предопределения Кадыр тун пройдет с 13 на 14 июля - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мечит 1981-жылы курулуп жатканда Мекке тарапка болгон багыты 33 градуска жылып кеткен.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Түркиянын Ялова провинциясындагы мечитке келгендер 37 жыл бою Каабага капталдап туруп сыйынып келишкен. Мечит ыйык шаарга туура эмес багытталып калганын Daily Sabah гезити жазды. 

Мечит 1981-жылы курулуп жатканда Кааба ташына болгон багыты 33 градуска жылып кеткен.

Бишкекке көрк кошту. Кыргызстандагы эң чоң мечиттин ичи-тышы видеодо - Sputnik Кыргызстан
Бишкекке көрк кошту. Кыргызстандагы эң чоң мечиттин ичи-тышы видеодо
Мечиттин имамы түзүлгөн кырдаалдан чыгуу үчүн имараттын ичине Меккени туура көрсөткөн багытты белгилеп койгон.

Бул сыйынуу жайына өлкөнүн дин башкармалыгынан келип, кетирилген катачылыкты аныктап, элге маалымат беришкен. Имамдар эгер киши билбей туруп Мекке тарапты карабай намаз окуган болсо ал күнөө болбой турганын элге түшүндүрүп, 37 жыл бою окулган намаздар кабыл болбой калат деген коркунуч жок экенин айткан.

Эми мечиттин ичин башкача кылып алмаштыруу пландалып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0