Крымдын Керчь шаарындагы колледжде жардыруу болуп, 18 киши каза болду

© Sputnik / Екатерина Кейзо / Медиабанкка өтүүЖарылуу болгон Крымдын Керчь аймагындагы колледж
Жарылуу болгон Крымдын Керчь аймагындагы колледж - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соңку маалыматтар боюнча 50гө жакын киши түрдүү жаракат алган. Теракт жасады деп шектелип жаткан 22 жаштагы студент өзүн-өзү өлтүргөн.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Крымдын Керчь аймагындагы колледжде болгон жардыруудан каза тапкандардын саны акыркы маалыматтар боюнча 18ге жеткенин РИА Новости агенттиги билдирди.

Россиянын тергөө комитети бул жардырууну теракт деп атады.

Террористические акты 11 сентября 2001 года - Sputnik Кыргызстан
Иран АКШнын 11-сентябрь боюнча компенсация төлөтүү чечимин сынга алды
Соңку маалыматтар боюнча 50гө жакын киши түрдүү жаракат алган. Теракт жасады деп шектелип жаткан 22 жаштагы студент өзүн-өзү өлтүргөн.

Жардыруу окуу жайдын ашканасында болгон. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.

Президент Владимир Путин жаракат алгандарды өлкөнүн эң алдыңкы медициналык борборлоруна жеткирүүнү тапшырды.

Окуя болгон жерге Крымдын башчысы Сергей Аксенов чыгып кетти. Андан сырткары, ӨКМдин Ил-76 учагы куткаруучуларга керектүү жабдууларды жеткирет. Ошондой эле дарыгерлер дагы келет.

Керчь шаарында үч күндүк аза күтүү жарыяланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0