Украинада АКШнын учагы кулап, учкуч каза тапты

© Фото / Пресс-служба президента Украины / Медиабанкка өтүүПрезидент Украины П. Порошенко посетил Объединенный операционный центр сил многонациональных учений «Чистое небо-2018»
Президент Украины П. Порошенко посетил Объединенный операционный центр сил многонациональных учений «Чистое небо-2018» - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Украинанын эки облусунда "Тунук асман — 2018" деп аталган авиациялык машыгуу өтүп, ага Украина менен кошо НАТОго мүчө өлкөлөр, анын ичинен АКШ да катышып жаткан.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Украинанын аскер прокуратурасы Винницкая облусунда Су-27 аскер аба техникасын башкарган АКШлык учкучтун курман болгондугун тастыктады. Бул туурасында РИА Новости жазды. 

"Украинанын Аскер күчтөрүнүн Генералдык штабынан окуя болгон жерден эки учкуч каза болгондугун, бири украиналык, экинчиси АКШлык экендигин тастыктады", — деп айтылат маалыматта. 

Ми-24 тик учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сирияда Россиянын тик учагы кулап, учкучтар каза тапты
Алардын бири Украинанын аскер аба күчтөрүнүн офицери, экинчиси АКШнын Аскер аба күчтөрүнүн Улуттук Гвардиясынын аскери экени анык болду. 

Истребитель 16-октябрда Бердичев жана Хмельник калктуу пункттарынын ортосунда кырсыктаган. Учурда издөө иштери жүрүп жатканы кабарланды. 

8-октябрдан тарта Винницкая жана Хмельницкая облустарында "Тунук асман — 2018" деп аталган авиациялык машыгуу башталган. Ага НАТОго мүчө өлкөлөр — Бельгия, Дания, Улуу Британия, Нидерланддар, Эстония, Румыния, Польша, жана АКШ катышып жаткан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0