Армениянын премьер-министри элден кечирим сурап, кызматынан кетти

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүПрезидент РФ В. Путин встретился с премьер-министром Армении Н. Пашиняном
Президент РФ В. Путин встретился с премьер-министром Армении Н. Пашиняном - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Никол Пашинян оставкага кеткендигин Армениянын Коомдук телеканалынан айтты.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Армениянын премьер-министри Никол Пашинян мурда өзү айткандай отставкага кетти. Бул туурасында Sputnik Армения кабарлады.

Бул кадам жакында парламенттик шайлоо өткөрүү үчүн өлкөнүн Улуттук Жыйынын таратуу зарылдыгынан улам болду. 

Пашинян азырынча премьер-министрдин кызматын убактылуу аткарып турарын айтты.

"Толкунданган учур болуп турат, себеби революцияны жыйынтыктап, жаңы этапка өтөбүз. Беш айлык ишимди жыйынтыктап жатып, элге колдоосу үчүн чексиз ыраазылыгымды билдирем. Эгерде кимдин бирөөнүн көңүлүн калтырып, ишенимин актай албасам, кечирим сурайм", — деди Пашинян.

Ал парламенттик шайлоодо бардык саясий күчтөргө ийгилик каалады. 

"Эгерде декабрдагы шайлоодо биздин саясий күчтөрдү топтой алсак, мен кайрадан премьерлик кызматка келем ", — деди ал. 

Пашинян буга чейин шайлоо 10-декабрда өтөрүн айткан.

Премьердин отставкасынан кийин 15 күндүн ичинде Улуттук Жыйын өкмөттүн жаңы башчысын жыйында эки ирет аракет кылып шайлай албаса, тарайт да жаңы шайлоо дайындалат. Парламент таратылгандан 30 күндөн эрте, 45 күндөн кеч эмес убакытта кайра шайлоо өтүшү керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0