Япониянын эли ыйлаганды үйрөнүп жатат

© AFP / BEHROUZ MEHRI Токио шаарындагы мектеп окуучулары. Архив
Токио шаарындагы мектеп окуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер адам стресстен күлүп же уктаганга караганда ыйлап алса тезирээк жана жеңил чыгарын айтышты.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Японияда стрессти чыгарып, психологиялык саламаттыкты сактоо үчүн мекеменин кызматкерлери менен мектеп окуучулары үчүн ыйлоо сабагы киргизилүүдө. Бул тууралуу The Japan Times гезити билдирди.

Эксперттердин айтымында, ыйлап алган кишинин денеси жазылып, жеңилдеп алат.

Медициналык маска кийген кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар суук тийгизип алган кишиден канча метр алыс туруу керектигин айтты
Адамдын психологиялык саламаттыгына мындай ыкма менен кам көрүү ыкмасы учурда Күн чыгыш өлкөсүндө өтө популярдуу болууда. Ыйлоо сабагынан берген мугалим Хидефуми Ёшиданын айтымында, ыйлоо күлгөнгө же уйкуга караганда алда канча натыйжалуу. Ал адамдар сезимдерге тие турган тасмаларды көрүп, кайгылуу музыка угуп же шыктандыра турчу китептерди окуп ыйлап алса болорун айтат.

2015-жылдан тарта Японияда 50 кишиден ашкан кызматкери бар компанияларды жумушчуларын стресс тестинен өткөрүү милдеттендирилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0