Окумуштуулар мурунду чукуу кандай ооруга алып келерин айтышты

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүЛаборатория кызматкерлери. Архив
Лаборатория кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Изилдөөгө жалпысынан 70тен ашык ыктыярчы катышкан.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Британиянын Ливерпуль университетинин окумуштуулары мурунду чукуу адамдын ден соолугуна зыян экенин аныкташты. Окумуштуулардын ырасташынча, мындай аракеттер пневманиянын жайылышын шарттайт.

Медициналык маска кийген кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар суук тийгизип алган кишиден канча метр алыс туруу керектигин айтты
Бул жаатта окумуштуулар бир нече эксперимент жүргүзүп, анын жыйынтыгын European Respiratory Journal журналына жарыялады. Алар 70тен ашык ыктыярчыны сынап көрүшкөн. Ал үчүн окумуштуулар ыктыярчылардын манжасына пневмококк бактериясынын кошулмаларын сүйкөп, мурдун чукууну суранышкан.

Бир жумадан кийин ыктыярчылардын 40 пайызы пневмания дартын "ийгиликтүү" жуктурушканын байкашкан. Андыктан окумуштуулардын ырасташынча пневмания аба аркылуу гана жукпастан, оорулуу кишиден дагы түз жугат деген бүтүмгө келишкен. Бул нерсени бир гана дарыгерлер эмес ата-энелер жана өспүрүмдөр дагы эске алышы керектигин белгилешкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0