Учакта эмне үчүн телефон колдонууга болбойт? Адистер анык себебин айтты

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүУчак. Архив
Учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учкучтардын биринин пикиринде, учакта телефон колдонууга салынган тыюу жокко чыгарылышы мүмкүн.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Авиациядагы заманбап теxнологиялар учакта телефон колдонууга мүмкүнчүлүк берет. Бул тууралуу News.com.au басылмасы жазды.

American Airlines компаниясынын учкучу Патрик Смиттин айтымында, телефон колдонууга салынган тыюу техникалык эмес, социалдык багытка байланыштуу.

"Сиз учакта уюлдук телефон менен бир учурда сүйлөшүп, кат жазышкан 200 жүргүнчү менен учкуңуз келет беле?" — деди Смит.

Суданда эки учактын кагышкан учуру видеого түшүп калган - Sputnik Кыргызстан
Суданда эки учактын кагышкан учуру видеого түшүп калган
Ал эми EasyJet авиакомпаниясынын учкучу Крис Фостер авиациядагы заманбап теxнологиялар учакта телефон колдонууга мүмкүнчүлүк бере тургандыгын билдирди. Анын айтымында, самолеттун башкаруу системасы бир топ алга жылып, абага көтөрүлгөндө телефон анча деле терс таасир тийгизбейт. Ал ошондой эле учакта телефон колдонууга мурда тыюу салынганын жана жакынкы мезгилде бул тиртип жокко чыгарылышы мүмкүндүгүн белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0