05:15 17 Бештин айы 2018
Түз эфир
  • USD69.8381
  • EUR78.8821
  • RUB1.0512
Британиянын канышасы Елизавета экинчинин небереси Евгения Йоркская 12-октябрда турмушка чыкты

Елизавета экинчинин небереси официантка турмушка чыкты

© REUTERS / POOL
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
63810

Үйлөнүү салтанаты 12-октябрда Виндзор аймагындагы Ыйык Жорж чиркөөсүндө өткөн.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Британиянын канышасы Елизавета экинчинин небереси Евгения Йоркская 12-октябрда турмушка чыкты. Анын жолдошу учурунда официант болуп иштеп, акыркы кезде виносатуу менен алектенерин Daily Mirror басылмасы жазды.

Жаш жубайлардын үйлөнүү салтанаты Виндзор аймагындагы Ыйык Жорж чиркөөсүндө өткөн.

28 жаштагы Евгения Йоркская 32 жаштагы Жек Брукбэнк менен баш кошту. Алар 2010-жылы Швейцариянын Вербье тоо-лыжа курортунда таанышкан.

Брукбэнктин үй-бүлөсүнүн эч кандай титулу жок болгону менен алардын ата-бабалары эл сыйлап кадырлаган кишилер болгон. Айрым маалыматтар боюнча алардын Британия падышасынын үй-бүлөсү менен туугандык да жайы бар.

Белгилей кетсек, Евгения Йоркская титулу жок үй-бүлөгө келин болуп жаткандыктан мындан ары ал жана анын балдары падышанын үй-бүлөсүнө эч кандай тиешеси жок болуп калат.

Тема боюнча

Же ыйлай албай, же күлө албай... Тойдо кийгизген көйнөктүн видеосу
Белгилер:
той, үлпөт, үйлөнүү, Улуу Британия
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ