Сыранын кайсы түрү пайдалуу экенин окумуштуулар аныктап чыкты

© AFP / CHARLY TRIBALLEAU Питейные заведения во Франции
Питейные заведения во Франции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул заттардын ашыкча салмакка, диабет менен ракка каршы күрөшүүдө канчалык деңгээлде пайдаланыларын кийинки изилдөөлөр көрсөтөт.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Германиянын Эрланген-Нюрнберг университетинин адистери сыранын курамына кирген эки заттын адам ден соолулугу үчүн пайдалуу экенин аныктап чыгышты. Иликтөө аталган окуу жайдын сайтына жарыяланганын РИА Новости жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, бул жерде сөз ачыткыдагы ксантогумол жана изо-альфа кислоталары тууралуу болууда.

Кокосовое масло - Sputnik Кыргызстан
Азыктын эң эле зыяндуусу аталды
Профессор Клаус Хеллербранддын жетекчилиги алдында иштеген эксперттердин тобу ксантогумол ашыкча салмак менен туура эмес тамактануудан улам боордун май басып кетүүсүнүн алдын алууга жөндөмдүү экенин аныктап чыкты. Андан тышкары, ошол эле органдын тканында берчтин пайда болуусуна жол бербей, боордогу рак клеткаларын жок кылып, семирүүдөн сактап турат.

Ал эми изо-альфа кислоталар боор оорусун өрчүтпөй, глюкозанын алмашуусуна, майлардын метаболизмине оң таасир этет.

Эми бул заттардын ашыкча салмакка, диабет менен ракка каршы күрөшүүдө канчалык деңгээлде пайдаланыларын кийинки изилдөөлөр көрсөтөт.

"Бирок сыранын курамында баары бир спорт болгондуктан, адам ден соолугу үчүн алкоголу жок сыра гана жана ачыткысы бар азыктар пайдалуу боло алат", — деп айтылат окумуштуулардын изилдөөсүндө.

Ксантогумол өсүмдүк полифенолго — өң-түс менен даамды камсыздаган бирикмелерге кирет. Бул зат ачыткыда гана кездешип, азыкка сары түс берип турат. Ал эми альфа-кислоталар сырага даам берет. Ичимдикти кайнатуу процессинде ал изо-альфа-кислотага айланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0