Меланья Трамп акырын басса аксак, катуу басса таскак экенин айтты

© REUTERS / Carlo AllegriПервая леди США Мелания Трамп
Первая леди США Мелания Трамп - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШнын биринчи айымы интернеттеги каралоого каршы күрөшүү үчүн атайын долбоордун үстүнөн иштеп жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. АКШнын биринчи айымы Меланья Трамп интернеттеги каралоого каршы күрөшүүчү Be Best долбоору тууралуу айтып берип жатып, өзүн дүйнөдөгү эң көп кеп-сөзгө калган киши экенин айтты. Мындай пикирин Меланья Трамп ABC телеканалынын Good Morning America программасына берген маегинде белгилеген.

Маек Меланьянын Кенияга барган сапары учурунда алынган.

К ботинку Трампа прилипла туалетная бумага — забавное видео - Sputnik Кыргызстан
Трамптын бутуна даарат кагазы жабышып калды. Видео
Трамптын айтымында, Be Best долбоору балдарга заманбап жашоодогу кыйынчылыктар менен күрөшүү тууралуу маалымат берет. Андан сырткары, долбоор социалдык тармактарда өзүн туура алып жүрүү, сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу жана опиоиддерге каршы күрөшүү боюнча иш алып барат.

Эксперттердин баамында АКШдагы балдардын 20 пайызы өзү теңдүүлөр тарабынан психологиялык басмырлоого тушугат. Алардын 16 пайызы интернеттен болот.

Меланья акыркы жолу ошол Кенияга болгон сапарынын алкагында кийген кийими үчүн сынга кабылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0